Жарыя!

12-07-2025

Чаткал золотая долина

Жарыя! Жарыя! Жарыя!

 

Урматуу Чаткал районунун тургундары, дыйкан фермерлер жана кооператив жетекчилери Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги «Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу - АДАПТ” долбоорунун алкагында БАЛИ программасы боюнча гранттык конкурс жарыялайт. 

 Программанын негизги максаты - климаттын өзгөрүшү терс таасирин тийгизген деградацияланган жайыттарга көз карандылыкты азайтуучу альтернативдүү киреше булактарын камсыз кылуу болуп саналат (BALI – Business Action Learning for Innovation, башкача айтканда ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган окуулардын негизинде түзүлгөн). Бул максатка жетүү үчүн долбоор жаңы экономикалык иш-аракеттерди баштоону жана мал чарбасына көз карандылыкты азайтуу үчүн климаттын өзгөрүү шартында айыл жергесиндеги, анын ичинде аялдар менен жаштарды камтыган аз камсыз болгон айыл тургундарын өзгөртүүгө багытталган тренингдерди, окуу материалдарынын топтомун жана гранттык колдоону камсыз кылат. Программа өлкө боюнча айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн, айыл чарба кооперативдеринин 280 ашуун тобун окутат жана алардын эң мыкты долбоорлорун ишке ашыруу үчүн 10 000 долларга чейин гранттарды берет. 

Конкурска катышуу: БАЛИ программага катышам деген топтор 2025-жылдын 1-августуна чейин кызыгуу катын эки жол аркылуу жөнөтө алат: 

• office@apiu.kg электрондук дарекке;

 • Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 а, 511-кеңсе адресине

 Кызыгуу каттардын негизинде тандалган топтор долбоордун кийинки кадамдары ишке ашырылат. Программага катышуу үчүн топ төмөнкү талаптарга жооп бериши керек: 

- тизмеде айыл чарба кооперативдеринин аталышы, даректери, жетекчилеринин жана ишкерлердин байланыш телефондору, электрондук даректери жана WhatsApp номерлери туралуу маалымат болушу керек;

- 10 адамдан кем эмес (айыл чарба кооперативдери, фермерлер, токой жана жайыт пайдалануучулар);

- кеминде 30% аялдар; - кеминде 30% жаштар (35 жашка чейин); 

- кеминде 50% аярлуу үй-бүлөлөрдөн болушу керек. 

Кызыкдар топтор БАЛИ программасынын окуусунан сөзсүз өтүшү керек. Бул окуулар катышуучуларды айыл чарба тармагында ишкердик жүргүзүүнү, финансылык сабаттуулукту жана бизнес-пландоонун негиздерин үйрөтөт. Окууга катышуу үчүн топтор алдын ала долбоорго кызыкдар экенин билдирген кат жибериши керек. Окуудан өткөн топтор кооператив түзүшүп, айыл чарба тармагындагы бизнес-ой менен грант алуу үчүн долбоорго кайрылышат. Грант алуу үчүн кооперативтерге 20% өздүк салым (накталай каражат түрүндө) кошуу талап кылынат. 

Программа алкагында мүмкүн болгон демилгелер: 

- токойдон алынуучу жыгач эмес продукцияларды өндүрүү: жаңгактар, кургатылган мөмө-жемиштер жана мөмөлөр, жыпар жыттуу чөптөр, татымалдар жана атайын продукциялар, мисалы, каперс, аарычылык продукциялары; 

- айылдык үй чарбаларынын кирешелерин диверсификациялоо: жашылча өстүрүү үчүн чакан күнөсканаларды түзүү, майда жандыктарды жана канаттууларды багуу, жашылчаларды жана мөмө-жемиштерди өндүрүү аркылуу алардын наркын жогорулатуу; 

- нарк түзүү чынжырчаларын өнүктүрүү: чакан айылдык жер ээлеринин экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө, туруктуу айыл чарбасын өбөлгөлөгөн жана климаттык тобокелдиктерди азайткан жаңы киреше булактарын кошуу.

Гранттык өтүнмөлөрдү кароо жана грант берүү: 

- топтор конкурстук өтүнмөлөрдү (бизнес-пландарды) даярдайт; 

- долбоор өтүнмөлөрдү даярдоодо техникалык колдоо көрсөтөт; 

- топтор өтүнмөлөрүн белгиленген мөөнөткө чейин тапшырат; 

- өтүнмөлөр Тандоо комиссиясы тарабынан каралып, бекитилет; 

- бекитилген өтүнмөлөр донор уюмуна (IFAD - Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фондуна) жөнөтүлөт; 

- конкурстан жеңген топтор долбоор менен гранттык келишимге кол коюшат. 

Гранттык өтүнмөлөрдү тандоодо төмөнкүгө артыкчылык берилет: 

- аялдар жетекчилик кылган топтор; 

- аялдар менен жаштардын иш орундарын түзүү инновациялык идеялар; 

- айыл чарбасында аялдардын эмгегин жеңилдеткен технологиялар Долбоор тууралуу: «Регионалдык жайыттык жамааттардын туруктуулугу – АДАПТ» долбоорун ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Адаптациялык фонддон 9,2 миллион АКШ доллары өлчөмүндө грант түрүндө каражат тарткан. Бул каражатты Адаптациялык фонд Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фонду (ИФАД) аркылуу каржылоодо. Долбоор республиканын бардык аймактарын камтыйт (Өзгөн, Тогуз-Торо, Сузак, Ак-Талаа райондорун кошпогондо - бул райондор БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун "Кыргыз Республикасында токойлордо жана жайыттарда климаттык инвестициялар аркылуу көмүртекти секвестрациялоо” долбоордун максаттуу аймактары болуп эсептелгендигине байланыштуу). 

 Суроолор үчүн байланыш: - Бишкек, Киев көчөсү, 96а, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин имараты, бешинчи кабат, Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнү, 510-кеңсе, тел. 0312 66 15 72, 0312 975 974, электрондук дарек office@apiu.kg - Мирлан Айтказиев, долбоордун координатору: 0704 21 12 76, m.aitkaziev@apiu.kg - Гульжан МАМАДИЕВА, долбоордун гендер боюнча адиси: 0772 00 11 74, g.mamadieva@apiu.kg

  Кызыккандар кошумча маалымат алуу учун Чаткал районундук агрардык онуктуруу башкармалыгына кайрылсаныздар болот.