Өзгөчө кырдаалдар

Чаткал райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 2023-жылда

аткарылган иштери боюнча маалымат.

Чаткал райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү Чаткал районунун Каныш-
Кыя айыл аймагына караштуу Каныш-Кыя айылында жайгышып,
карамагында Терек-сай айыл аймагында №79 өрткө-каршы куткаруу
бөлүгү, Сумсар айыл аймагында №80- өрткө каршы куткаруу бөлүгү жана
Каныш-Кыя айыл аймагында №81- өрткө каршы куткаруу бөлүкдөрү
жайгашкан, жалпысынан 56 кызматкер жумуш аткарат, анын ичинен 6
офицер, 2 бөлүк башчы, 8 кароол башчы, 8 бөлүкчө командири, 15 айдоочу, 4
радиотелефонист, 13 өрт өчүрүүчү- куткаруучу эмгектенет. Чаткал райондук
өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн карамагында 8 даана атайын өрт өчүрүүчү
жана 1 даана ыкчам кызматтык автоунаасы бар.

Жарандык коргонуу жана алдын алуу багытында

2023-жылдын февраль айында катуу жаап өткөн кардын кесепетинен
Ала-Бука-Жаны-Базар-Кировка унаа жолунун 74-чакырымынан 112 чакырым
аралыктарында жана Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырым
аралыктарында кар көчкүсү түшүп, кар көчкүнүн кесепетинен жол каттамы
жабылып, 2 автоунаны кар көчкү басып, 1 автоуна жараксыз абалга келген.
Ошондой эле кардын калындыгынан улам район боюнча 6 турак үйдүн
чатыры кулап, 2 мал сарайды кар көчкү басып калган. Чакал районунун
аймагында 3-даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилип, Чаткал
райондук ӨКБү күчөтүлгөн режимге өткөрүлүп, айыл аймактар жана
жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте өзгөчө кырдаалдарды
жоюу жана алдын алуу иш аракеттери жүргүзүлгон.

1. Калкты жана аймакты коргоо багыты боюнча жергиликтүү бийликтер

тарабынан аткарылган жумуштар боюнча маалымат:

1. Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагындагы Жаны конуш участкасында
жашаган турак үйлөргө кооптуулук жаратып жаткан Касан-Сай суусунун жээгин
бекемдөө жумуштары аткарылып, 990 даана габион торчолору коюлуп,
жергиликтүү бийлик тарабынан 4900000 сом каралган. Натыйжада 62 турак
үйдүн кооптуулугу жоюлган.

Райондорду өнүктүрүү фонду тарабынан акча каражаты бөлүнүп, 2023-
жылында Чаткал районунун аймагында аткарылган жумуштар боюнча

маалымат.

1. Чаткал районунун Чаткал айыл аймагынын Жаны-Базар айылындагы кар көчкү
түүшүү кооптуулугу бар участкада, райондук өнүктүрүү фонду тарабынан
1800000) сом акча каражаты бөлүнүп, Чаткал айыл өкмөтү тарабынан кар көчкү
тосмолору курулган. Натыйжада 30 турак үйдүн кар көчкү түшүү кооптуулугу
жоюлат.
2. Мындан тышкары Ала-Бука-Жаны-Базар-Кировка унаа жолунун 97-101-чакырым
аралыгындагы кар көчкү кооптуулугу бар участкаларда райондук өзгөчө
кырдаалдар бөлүмү тарабынан кар көчкү кооптууулугун жоюу боюнча сунуш
берилип, ОСОО “Жагалмай” фирмасы тарабынан кооптуулукту жоюу
жумуштары аткарылган.
3. Чаткал райондук ӨКБнүң №81 ӨК-КБнүн имаратын актап сырдоо жана
жарыктандыруу жумуштарына Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
тарабынан 50000 сом каралып, имараттын ичин ремонттоо жана жарыктандыруу
иштери толук аткарылды.

Өрттүн алдын алуу багытында:

Чаткал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан район
аймагында жайгашкан мамлекеттик жана чарбалык обьектилерде, ошондой
эле жеке менчик мекеме, уюм, ишканаларда, атуулдардын турак жайларында
өрт кырсыктарын алдын алуу жана өрт коопсуздугун камсыз кылуу
максатында бир топ иш-чаралар аткарылды.
Район аймагындагы өрт коопсуздук маселелери боюнча 11 маалымат
берилип, 6 мааалыматка чечимдер чыгартылган.
Обьектилердин кызматкерлери жана орто билим берүүчү
мекемелердин окуучулары жана мугалимдери менен өрт коопсуздук боюнча
түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 45 жолу 3002 атуулдун катышуусунда
өрткө каршы лекция, 81 жолу 1301 атуулдун катышуусунда өрткө каршы
инструктаждар уюштурулган 2022-жылдын 6 айында 12 жолу 869 атуулдун
катышуусунда өрткө каршы лекция, 47 жолу 833 атуулдун катышуусунда
өрткө каршы инструктаждар уюштурулган. Былтыркы жылдын 6 айына
салыштырмалуу көп түшүндүрү иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле өрт
кырсыктарынын алдын алуу максатында:
1. 2023-жылдын май айында С.Байдөлотов атындагы билим берүү уюмуна
өрттүк-тактикалык машыгуу өткөрүлгөн.
Ал эми:
2. 2023-жылдын февраль айында Терек-Сай, Сумсар орто мектептеринде
өрттүк-тактикалык машыгуу өткөрүлгөн.

1. Терек-Сай,Сумсар Байдөлөөтов мектебтеринде өрт шаймандары менен
таныштыруу боюнча экускурсия өткөрүлдү.
Жалпы 3 жолу өрттүк-тактикалык машыгуу жана 1 жолу өрттү тактикалык
окуулар, 3 жолу экускурсия өткөрүлгөн.
Турак-жай секторунда катталуучу өрт кырсыктарын алдын алуу
максатында жайкы жана кышкы өрт кооптуу мезгилдерде райондук
бөлүмдүн өздүк курамы тарабынан 392 турак-жайга, (1093 адамга)
түшүндүрүү иштерин жүргүзүү уюштурулган, 2022-жылдын 6 айында 175
турак-жайга, (547 адамга) 2022-жылдын 6 айына салыштырмалуу 2 эсе көп
түшүндүрүү иштерин жүргүзүү уюштурулган.
Отчеттук мезгилде КР Өкмөтүнүн 1994-жылдын 19-декабрындагы
№858 токтомун жүзөгө ашыруу максатында бир топ иш-чаралар жүргүзүлүп,
натыйжада 14 обьектиде 126 мүчөсү бар ыктыярдуу өрттөн сактоо
кошундары, 40 билим берүү мекемесинде 172 мүчөсү бар жаш өрт
өчүрүүчүлөр кошундары уюштурулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө райондун тургундарына атайын өрт өчүрүүчү
автоунааларын, өрт-техникалык жана куткаруу шаймандары менен
тааныштыруу, алардын иштөө тартибин көрсөтүү, ошондой эле жыйылган
калкка өзгөчө кырдаалдардан сактануу эрежелерин, өрт кырсыктарын алдын
алуу, кооптуу жана коопсуз аймак жөнүндө түшүндүрүү, массалык эс алуу
жана сууга түшүү мезгилиндеги коопсуздук чаралары боюнча кеңири
түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, өрттүк-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.
Өрттү алдын алуу боюнча аткарылган иш-чараларга карабастан, 2023жылдын
2-кварталында район аймагында 5 өрт кырсыгы катталып, анын ичинен 3
турак үй, 1 мончо, 1 кийим сатуучу дүкөндө өрт кырсыгы катталып,
катталган өрт кырсыгынан келтирилген материалдык зыян 15556021 сомду
түздү. Өрттөн каза болуп, жаракат алышкан жарандар болгон жок. Өрт
өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракеттеринин натыйжасында 875000 сомдук
материалдык-баалуулуктар сакталып калынган.
2022-жылы 6 айында 4 өрт кырсыгы катталып келтирлген чыгымдар 1075415
сомду түздү, сакталып калган мүлктөрдүн жалпы суммасы 1400000 түздү. 2023-
жылы 2022-жылдын 6 айында салыштырмалуу өрт кырсыгы 25% га көбөйгон.
2023-жылдын башталышы менен райондук өзгөчө кырдаалдар
бөлүмүнүн №79-80-81-ӨК-КБнө 3 даана жаңы камаз үлгүсүндөгү атайын өрт
өчүрүүчү автоунаасы бөлүнүп берилип, күжүрмөн даярдыкка коюлган.