Райондун аймагында сезондук айыл чарба талаачылык иштери өз убагында жүргүзүлүп

29-12-2023

Райондун аймагында сезондук айыл чарба талаачылык иштери өз убагында жүргүзүлүп, кылкандуу дан эгиндерин, айыл чарба өсүмдүктүнүн түрлөрүн оруп жыйноо иштери жыйынтыкталып, район боюнча:
 Буудай 660 га жер аянтына айдалып себилип өткөн жылга салыштырмалуу 27 га көп же 104,3%, 660 га жер аянтынан буудай  орулуп жыйналып, орточо түшүмдүүлүк 12,5 ц/га түзүп, дүн жыйым 825 тонна, өткөн жылга салыштырмалуу 283,7  тоннага аз, анын ичинен Каныш-Кыя айыл аймагы боюнча 33 га көп айдалып,  53,6 тоннага аз, Чаткал айыл аймагы боюнча 26 га аз айдалып себилип, 234,1 тоннага аз түшүм жыйналып алынган.  
Арпа 157 га жер аянтына айдалып себилип, өткөн жылга салыштырмалуу 5 га көп же 103,3%, 157 га жер аянтынан арпа орулуп жыйналып, орточо түшүмдүүлүк 14  ц/га түзүп, 219,8 тонна арпа өткөн жылга салыштырмалуу 7,6 тоннага көп, анын ичинен Каныш-Кыя айыл аймагы боюнча 3 га аз айдалып,  4,5 тоннага аз, Чаткал айыл аймагы боюнча 8 га көп айдалып себилип, 12,2 тоннага көп түшүм жыйналып алынган. 
 Жүгөрү  58 га жер аянтына айдалып себилип, өткөн жылга салыштырмалуу 6 га аз же 90,6 %, 58 га жер аянтынан жүгөрү орулуп жыйналып, орточо түшүмдүүлүк 52,0 ц/га түзүп, 301,6 тонна жүгөрү өткөн жылга салыштырмалуу 31,4 тоннага аз, анын ичинен Терек-Сай айыл аймагы боюнча 5 га аз айдалып,  15,5 тоннага аз, Сумсар айыл аймагында 30 га өткөн жылдын денгээлинде айдалып себилип 17,0 тоннага аз түшүм жыйналып алынган.
Дан буурчак 106 га жер аянтына айдалып себилип, өткөн жылга салыштырмалуу 21 га көп же 124,7%, 106 га дан буурчак орулуп жыйналып, орточо түшүмдүүлүк 14,5 ц/га түзүп 153,4 тонна дан буурчак өткөн жылга салыштырмалуу 28,9 тоннага көп түшүм орулуп жыйналды. Анын ичинен Каныш-Кыя айыл аймагы боюнча былтыркы жылдын деңгээлинде айдалып,  0,5 тоннага аз, Чаткал айыл аймагы боюнча 21 га көп айдалып себилип, 29,4 тоннага көп түшүм жыйналып алынган.  
 Ал эми  картошка 453 га жер аянтына айдалып себилип, өткөн жылга салыштырмалуу 12 га аз же 97,4%, 453 га жер аянтынан түшүм жыйналып, орточо тушүмдүүлүк 120,0 ц/га түзүп, 5436,3 тонна картошка, былтыркы жылга салыштырмалуу 69,6 тоннага көп, анын ичинен Каныш-Кыя айыл аймагы боюнча 43 га аз айдалып,  364 тоннага көп, Чаткал айыл аймагы боюнча 26 га көп айдалып себилип, 407,3 тоннага көп түшүм жыйналып алынган.  
Жашылча 297 га жер аянтына айдалып себилип, өткөн жылга салыштырмалуу 5 га көп же 101,7%,  297 га жер аянтынан түшүм жыйналып, орточо түшүмдүлүк 118 ц/га түзүп, 3504,6 тонна жашылча, былтыркы жылга салыштырмалуу 69,8 тоннага көп, анын ичинен Каныш-Кыя айыл аймагы боюнча 10 га көп айдалып,  118,2 тоннага көп, Чаткал айыл аймагы боюнча 2 га аз айдалып, 3,8 тоннага аз түшүм жыйналып алынган.  
 май өсүмдүк 50 га жер аянтына айдалып себилип, өткөн жылга салыштырмалуу  45 га аз же 52,6% га 50 га жер аянтынан түшүм жыйналып, орточо түшүмдүүлүк 17,0 ц/га түзүп, 85 тонна май өсүмдүк, өткөн жылга салыштырмалуу 51,4 тоннага аз жыйналып алынган.
     Кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо өнөктүгүнө 9 даана дан оруп жыйноочу комбайындар тартылып, кылкандуу дан эгиндери толугу менен жыйналып алынды. Анын ичинен 3 комбайын жергиликтүү комбайындар 4 комбайын Сузак районунан, 2 комбайын Ала-Бука районунан жардамга келишип оруп жыйноо иштерин аягына чыгарышкан.

Сүрөттөр