Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы келишимдик негизде кабыл алынуучу маалымат катчы кызмат оруну үчүн ачык конкурс жарыялайт.
09-01-2024
ЖАРЫЯ
Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы келишимдик негизде кабыл алынуучу маалымат катчы кызмат оруну үчүн ачык конкурс жарыялайт.
КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:
1. Маалымат катчы кызмат оруну
1) кесиптик билимдин деңгээли:
- журналистика кесиби боюнча жогорку кесиптик билим.
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес;
3) маалыматтык сабаттуулук;
4) маалыматтык коммуникациялык технологияларды пайдалануу;
5) мобилдик фотосүрөттөр менен иштей билүү;
1. Маалымат катчы кызмат оруну үчүн
1. Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
- “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу мекемелериндеги маалыматтардын жеткиликтүүсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
- Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР (АТАЙЫН ПАПКАДА ТИРКЕЛГЕН):
– өзүнүн арызы;
– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
– паспорттун көчүрмөсү.
– аскерге эсепке алуу документинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
Документтер 2024-жылдын 09-январынан 2024-жылдын 19-январына чейин кабыл алынат. Иш убактысы саат 09:00 дөн 18:00гө чейин.
Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер гана конкурска катышууга чакырылат.
Дареги: Каныш-Кыя айылы, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы. Сурап билүү телефону 03749 30048.
Аппарат жетекчи Р.Асанбаев