Кулактандыруу!

09-06-2025

Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы Координациялык кеңештин ишине катышуу үчүн жарандык коом уюмдарынын жана бизнес-коомдоштуктарынын өкүлдөрүн кабыл алууну жарыялайт.

Координациялык кеңеш-Бул райондун социалдык-экономикалык өнүгүү маселелерин чечүүгө багытталган мамлекетик органдардын, бизнестин жана жарандык коомдун ортосундагы диалог үчүн аянтча.

Кызыкдар уюмдарды катышууга арыз берүүгө чакырабыз. Кенештин курамына жарандык коом уюмдарынын аялдар жана жаштар бирикмелеринин, аксакалдар сотунун, бизнес- ассоциациялардын өкүлдөрү, ошондой эле көз карандысыз эксперттер кириши мүмкүн.

Катышуу үчүн арыз ээси, анын иш тажрыйбасы жана ал Координациялык кеңештин ишине кошо ала турган салымы жөнүндө малыматы камтыган кызыгуу катын берүүсү зарыл.

Өтүнмөлөр 2025-жылдын 16-июнуна чейин e-mail: Chatkal_rga@mail.ru  дареги боюнча кабыл алынат. Бардык суроолор боюнча төмөнкү телефон аркылуу кайрылса болот: 0771930290.

Сүрөттөр