Кулактандыруу! (Жаңыланган)

09-06-2025

Чаткал золотая долина

КУЛАКТАНДЫРУУ

Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы райондун аймагында иш жүргүзгөн жарандык коом уюмдарынын, аялдар жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрүн, ошондой эле аксакалдар сотунун, бизнестин жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрүн Координациялык кеңештин курамына киргизүү үчүн чакырат.

Чаткал районун социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча координациялык кеңеши (мындан ары — Координациялык кеңеш) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, эл аралык жана башка уюмдардын, ошондой эле жарандардын районду социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелеринде өз ара аракеттенүүсүн координациялоо максатында түзүлгөн консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат. Координациялык кеңештин ишине катышууну каалаган кызыкдар тараптар өтүнмөнү толтурууга жана аны көрсөтүлгөн дарекке 2025-жылдын 27-июнуна чейин жөнөтүүгө тийиш.

 

Райондун Координациялык кеңешине катышууга кызыгуу катынын үлгүсү

Кимге:______________районунун Социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча Координациялык кеңештин Катчылыгына

 Кимден: _________________ (уюмдун аталышы/ФАА) байланыш маалыматтары: _ (телефон, электрондук почта)

Датасы:_________________

Тема: Координациялык кеңеште катышууга кызыгуусун көрсөтүү

Урматтуу уюштуруучулар.

 Ушуну менен Чаткал районунун (уюмдун аталышы же статусун көрсөтүү) социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча Координациялык кеңешине катышууга кызыкдарлыгымды билдирем.

______________________(иш чөйрөсүн көрсөтүү: бизнести өнүктүрүү, социалдык долбоорлор, калктын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо ж.б.) менин уюмумдун/жеке өзүмдүн тажрыйбам бар. Биздин Кеңештин ишине катышуубуз бардык кызыкдар тараптардын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнө жана районду өнүктүрүүгө багытталган чечимдерди иштеп чыгууга өбөлгө болот деп ишенем. Кеңештин жыйындарына активдүү катышууга, сунуштарды киргизүүгө, социалдык-экономикалык кырдаалды жакшыртууга өбөлгө түзүүчү демилгелерди талкуулоого жана ишке ашырууга катышууга даярмын. Менин талапкерлигимди Координациялык кеңештин курамына киргизүү үчүн карап чыгууну өтүнөм. Зарыл болсо, кошумча маалымат берүүгө даярмын.

Урматтоо менен,

ФАА:

Кызматы (колдонулса)

Уюм (колдонулса)

Кол тамгасы (кагаз жүзүндө болсо)

Сүрөттөр