Мектеп курууга куруучу тараптарды издеп, конкурс жарыялайт.

30-08-2024

Чаткал золотая долина

ЖАРЫЯ

Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 23.07.2024-ж. №218-б буйругу менен www.chatkal.gov.kg расмий сайтына Терек-Сай айылына “Эти Бакыр Терек-Сай” ЖЧКнун демөөрчүлүгү менен курулуучу мектепти курууга куруучу тараптарды (подрядчик) чакыруу максатында берилген жарыя боюнча куруучу тараптардан кайрылуу болбогондуктан кайрадан экинчи ирет жарыя берүү максатында:

Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы, «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКнун демөөрчүлүгү менен  Терек-сай айылына курулуучу 225 орундуу мектеп курууга куруучу тараптарды издеп, конкурс жарыялайт.

Аталган мектепти курууга кызыктар тараптар жана конкурска катышуу максатында документтерин тапшыруу жана критерийлерин алуу  үчүн Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башкы эсепчиси М.Ташбаевге кайрылыңыздар.

Байланыш телефону: 0778-28-86-23

Документтерди кабыл алуу 2024-жылдын 3-сентябрына чейин жүргүзүлөт