23- февраль Мекенди коргоо күнүнө карата " Биз Мекенди коргойбуз " аттуу спорттук мелдеш болду

23-02-2024

        23-февраль  Мекенди коргоо күнүнө карата "Биз Мекенди коргойбуз" аттуу спорттук мелдеш болду

       Чаткал райондук балдар китепканасынын уюштуруусунда Т. Эрматов атындагы өспүрүм балдар спорттук мектебинин тарбиялануучуларынан турган "Көк бөрү" жана "Ак шумкар" командаларынын арасында "Биз Мекенди коргойбуз" аттуу спорттук мелдеш болду.

       Мелдештин жүрүшүндө окуучулар кап менен секирүү, шар менен чуркоо, топ ойноп чуркоо, аркан тартыш сыяктуу кызыктуу номерлерди аткаруу менен таймаш өткөрүштү.

       Мелдештин жүрүшү өспүрүм балдар спорт мектебинин машыктыруучулары тарабынан көзөмөлдөндү.

       Соңунда, калыстардын эсептөөсүнө ылайык, мелдеш эки команданын тең чыгуусу менен аяктады.

       Жеңүүчүлөр райондук балдар китепканасы тарабынан Диплом жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.

_____________________________________      Мына ушундай иш- чара Чаткал райондук китепканасында уюштурулду 

       Ал 23-февраль-Мекенди коргоо күнүнүн урматына "Мекен артык өлүмдөн" аттуу майрамдык кече болду.

      Иш чаранын алкагында куттуктоолор айтылып, айрым мырзалар аскердик кызматта жүргөн учурлар тууралуу ой бөлүшүштү.

       Андан соң, программага ылайык, мырзалар арасында кол күрөш, шар менен чуркоо, экиден жарышуу сыяктуу кызыктуу таймаштар болду.

     Соңунда, уюштуруучулар тарабынан мырзаларга чакан майрамдык белектер берилди.

Ар дайым элин- жерин коргоп келаткан мырзалар! Майрамыңыздар менен!