9 айдын жыйынтыгы боюнча коллегия өткөрүлдү

14-11-2024

🔰 Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын коллегиясынын иш планына ылайык, 2024-жылдын 6-ноябрында коллегиялык отуруму болуп өттү.

▪️ Коллегияга Чаткал райондук мекеме-уюмдардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, айыл башчылар, мектеп директорлору жана бала-бакча жетекчилери катышты. 

☑️ Коллегиянын күн тартибиндеги каралган маселелер:
 
✅ Райондук ветеринардык башкармалыгынын 2023-жылдагы аткарган иштеринин абалы жөнүндө; 
  
✅ Чаткал райондук №27 жол тейлөө ишканасынын 2024-жылдын 9 айына карата аткарылган иштеринин абалы жөнүндө; 

✅ КРнын Президентинин №305 Жарлыгынын айыл өкмөттөрдө аткарылышы жөнүндө;
  
✅ Жалпы билим берүү мекемелеринде окуучулардын тамактануусун уюштуруу боюнча №532 токтомунун аткарылышы жөнүндө;
                                              
✅ Райондук мекеме ишканаларда аткаруучулук тартипти күчөтүү жөнүндө;

✅ Ар кандай маселелер (камсыздандыруу, экономикалык көрсөткүчтөр, айыл башчыларга атайын тапшырмалар)

▪️Күн тартибинде каралган маселелер боюнча тиешелүү токтомдор кабыл алынып, кемчилдиктерге жол берген айрым жетекчилерге тартиптик чаралар көрүлдү. Мекеме жетекчилерине, айыл өкмөт башчыларына тапшырмалар берилип,кемчилдиктерди жоюуга мөөнөт берилип эскертилди.

#Чаткалрайону
#Чаткалрма
#коллегия

Сүрөттөр