9- май Жеңиш күнү менен Чаткал районунун акими куттуктады

09-05-2024

 Урматтуу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери!

9-май Жениш күнү биз үчүн өзгөчө майрам.

Адамзаттын тарыхындагы бул кандуу жана эң катаал Улуу Ата Мекендик согуш жер жүзүндө терең жаракат калтырган. Киндик каны тамган жери үчүн кашык каны калганча салгылашып, жанын курман кылган аталарыбызды эч ким, эч качан унутпайт.

Алар мекен үчүн баатырларча тикесинен тик турду. Ажалдын көзүн тик карап, өлүмдөн такыр жалтанбады! 

Ошондой эле баардык кыргызстандыктарды МАЙ МАЙРАМДАРЫ менен куттуктайм! 

 5-май - Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктайм!

 Конституция - бул мамлекеттин паспорту. Ар бир жаран бул күндү жөн гана майрам же дем алыш күн катары эмес, заманбап мамлекеттүүлүктүн башаты катары караганыбыз туура болот. Эң башкысы, Конституциябыздын кынтыксыз иштөөсүн камсыздоого жапа тырмак аракет кылалы. Анын баалуулуктарын жайылталы.

 7-май - Кыргызстандын байланыш тармагынын жана радио кызматкерлеринин адистик күнү. Бул майрамдын тарыхы 19-кылымдан башталат. 1895-жылдын 7-майында орустун физиги Александр Попов дүйнөдө биринчи радиоприемникти дүйнө коомчулугуна жарыя кылат.

Алгач радиостанциялар маалымат каражаты катары колдонулуп келсе, 20- кылымда радио тармагы маалымат булактарынын бири болгон.

Азыркы учурда дагы маалымат алууга ыңгайлуу, кандай жерде болбосун автоунаа, жайлоодо, үйдө болбосун маалымат менен камсыздоочу каражат катары пайдаланып келебиз.

Негизинен Май айы- майрамдарга бай ай.

Баарыңыздарды майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Ар бириңиздердин үйүңүздөрдө бактылуулуктун музасы жаңырсын. Дүйнөдө эч качан согуш болбосун ылайым!

Терең урматтоо менен Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Алтынбек Сеңирбаев

Сүрөттөр