Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
" Акимдин кубогу" спорттук иш -чарага Чаткал району боюнча 42 команда катышты
19-03-2024

"Акимдин кубогу" спорттук иш чарага Чаткал району боюнча 42 команда катышты
Спорттук иш чара Каныш-Кыя айылында райондук Т.Эрматов атындагы балдар- өспүрүмдөр спорт мектебинде волейбол боюнча болду.
️"Акимдин кубогу" үчүн мекеме- уюмдар, жергиликтүү кеңештин депутаттары, жеке ишкерлер ат салышты. Оюн кызуу жүрүп, жеңүүчүлөр өз баасын алышты.
Мырзалар арасында:
- 1- орунга жергиликтүү кеңештин депутаттары командасы;
- 2- орунга: Т Эрматов атындагы балдар жана өспүрүмдөр спорттук мектеби командасы;
- 3- орунга "Кичи Чаарат" командасы;
- 4- орунга райондук ички иштер бөлүмүнүн эркектер командасы ээ болушту.
Аялдар арасында:
- 1- орунга Банк кызматкерлери;
- 2- орунга Чебурашка балдар бакчасынын кызматкерлери;
- 3- орунга жеке ишкерлердин курама командасы;
- 4- орунга С.Байдөөлөтов атындагы инновациялык жалпы орто билим берүүчү мектебинин кыз -келиндери ээ болушту.
Жалпысынан волейбол оюнуна 42 команда катышса, анын 23 командасы мырзалардан, 19у айымдардан түзүлдү. Жеңүүчүлөр Акимдин кубогу, диплом, төш белгилер жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту.
Акимдин кубогу быйылкы жылы волейбол боюнча эң биринчи жолу уюштурулуп жатат. Жыл соңуна чейин фудбол боюнча дагы мелдеш өтүүсү күтүлүүдө.
Иш - чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021- жылдын 24- июлундагы ПЖ 313 "Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү концепцияны бекитүү тууралуу" жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022- жылдын 2- февралындагы 44- т тескемесин ишке ашыруу максатында Нооруз майрамына карата уюштурулду.
Сүрөттөр