Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ: БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ МАКСАТТАР ЖАНА МИЛДЕТТЕР АНЫКТАЛДЫ
28-08-2025

Чыңгыз Айтматов атындагы райондук маданият үйүндө билим берүү кызматкерлеринин жылдык август кеңешмеси болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айсаракан Абдибаева, район башчысы Алтынбек Сеңирбаев жана билим берүү тармагынын кызматкерлери катышты. Жыйындын негизги максаты - өткөн окуу жылынын жыйынтыктарын чыгаруу, алдыңкы тажрыйбалар менен бөлүшүү жана жаңы окуу жылына карата стратегиялык пландарды талкуулоо болду. Жыйындын жүрүшүндө, район башчысы Алтынбек Сеңирбаев мугалимдердин эмгегинин коом үчүн маанисине басым жасап, билим берүү тармагынын келечекке болгон приоритетин белгиледи.
- Сиздер өз өрнөгүңүздөр аркылуу бизге жол көрсөтөсүздөр. Ошондуктан, күн сайын изденүү, жаңылануу, усулдарды жакшыртуу – Сиздердин кесиптик милдетиңиздер - деди. Аким Алтынбек Сеңирбаев райондун билим берүү системасын өнүктүрүүгө багытталган бир катар маанилүү демилгелерди жана пландары менен бөлүштү. Атап айтканда, мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, жаңы мектептерди куруу жана окуу шарттарын заманбап талаптарга ылайыкташтыруу иштери улантылат. "Алтын сертификатка" ээ болгон окуучуга заманбап ноутбук берилет. Аны окуткан мугалимге акчалай сыйлык тапшырылат. Окуучу билим алган мектепке кызматтык автоунаа берилет. Бул демилгелер билим берүүнүн сапатын жогорулатып, окуучулар менен мугалимдерди дагы да мыкты натыйжаларга шыктандырууга багытталган. Мындан тышкары, окуучулардын дүйнө таанымын кеңейтүү жана тажрыйба алмашуу максатында эл аралык саякаттарды уюштуруу планы да айтылды. Мындай демилгелердин бири катары өткөн окуу жылында "Кичи Чаарат" ишканасынын колдоосу менен 10 окуучу жана 2 мугалим Кытайга барып келгендигин айтып, быйыл башка кен казуучу компаниялар менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде Түркия жана башка мамлекеттерге саякаттарды уюштуруу пландаштырылып жаткандыгын кошумчалады. Жыйындын соңунда бир катар жаш жана ардагер мугалимдер, жетекчилер куттуктоо сөздөрүн айтышып, алдыңкы мугалимдерге "Ардак грамоталар" жана баалуу сыйлыктар тапшырылды. Иш-чаранын катышуучулары билим берүү системасын өнүктүрүү үчүн биргелешип иштөөгө даяр экендиктерин билдиришти.
Сүрөттөр