2023-жылдын 26-декабрында райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында райондук аялдар кенешинин отуруму болуп өттү.

27-12-2023

2023-жылдын 26-декабрында райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында райондук аялдар кенешинин отуруму болуп өттү.

Отурумда 3 маселе каралды.

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылы 24-февралында чыккан ПЖ №54 Жарлыгы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө”

2. 2024-жылга иш-план кабыл алууга сунуштарды тактоо.

3. Ар кандай маселелер.

Жыйынга айыл аймактардагы нарктуу апалар, ПЖ №54 жарлык боюнча түзүлгөн райондук комиссиянын мүчөлөрү,аксакалдар кенеши жана имамдар катышып, айыл аймактагы ПЖ №54 жарлыгы боюнча түзүлгөн комиссияга, айылдардагы аялдар кенешине протоколдук тапшырмалар берилди.