Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Бүгүн, 2024- жылдын 30- мартында Чаткал районунун бардык мекеме - ишканаларынын кызматкерлери ишембиликке чыгышты.
30-03-2024

Бүгүн, 2024- жылдын 30- мартында Чаткал районунун бардык мекеме - ишканаларынын кызматкерлери ишембиликке чыгышты
Бүгүн,Чаткал районунун бардык мекеме- ишкаларынын кызматкерлери ишембиликке чыгышты. Чаткалда кар толук кете элек. Ошондуктан имараттардын алды, арык ичиндеги таштандылар, жол жээгиндеги чириндилер тазаланды.
Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 2024- жылдын февраль айындагы № 66-б буйругунун негизинде көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуу боюнча 3 айлык жарыяланган.
Район ичинде ар жумада күнү ишембилик уюштурулуп, "Жашыл Мурас" программасынын алкагында жумуш алып барылат.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда 1- марттан 1- июнга чейин жалпы өлкө боюнча ишембилик өнөктүгү жарыяланган.
Сүрөттөр