Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Бүгүн, Чаткал райондук Жалпы дарыгерлик практикалык борборунун (ЖДПБ) мекемесинде 90го жакын жергиликтүүлөр келип, акысыз медициналык кароодон өтүштү.
09-04-2024

Бүгүн, Чаткал районунда жугуштуу эмес ооруларга бекер текшерүү жүргүзүлдү
Бүгүн, Чаткал райондук Жалпы дарыгерлик практикалык борборунун (ЖДПБ) мекемесинде 90го жакын жергиликтүүлөр келип, акысыз медициналык кароодон өтүштү.
Алар оорусуна жараша же болбосо алдын - ала ден соолугуна кам көрүү максатында:
-Кан басымы;
- Кандагы канттын деңгээли;
- дене,бой,салмак (ИМТ);
- дарыгерлердин кеңеши;
- АИВ ге экспресс тест тапшырышты.
Иш- чара 7- апрель Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата "Менин ден соолугум,менин укугум!"ураанынын алкагында уюштурулду. Жугуштуу эмес оорулардын канчалык деңгээлде коркунуч жаратарын билбегени, ооруларды так аныктап алып туура дарылануу туурасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Кан басымдын жогорулашы, кандагы канттын деңгээли сыяктуу оорулардын түшүндүрмөсүн камтыган баракчалар таркатылды.
Чаткал райондук Жалпы дарыгерлик практикалык борборунун (ЖДПБ) мекемесинин директору Малик Исмаиловдун айтуусунда мындай саамалык жыл сайын уюштурулат жана бир канча оорусун аныктай албай жүргөн тургундар үчүн жакшы шарт. Калк арасынан ушул акцияны күткөндөр да кездешет дейт.
Саамалык спорттук иш- чара менен коштолду. Алар 40 жаштан жогорку жана төмөнкү топко бөлүнүп, алыска чуркоо боюнча жарышты. Кол күрөш, аркан тартыш боюнча таймашып, кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушту.
Иш - чара Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан каржыланды.
Сүрөттөр