Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Бүгүн, Чаткал районундагы "Беш - Арал" мамлекеттик коругунун жалпы кызматкерлери ишембиликке чыгышты
20-04-2024

Бүгүн, Чаткал районундагы "Беш - Арал" мамлекеттик коругунун жалпы кызматкерлери ишембиликке чыгышты
Имараттын ичин актап- сырдап, экспонаттардын чаңын тазалап, короо - жайдагы тосмолорду отургучтарды сырдап чыгышты.
Корукчулар " Жашыл Мурас" өнөктүгүнүн алкагында имараттын короосунда жана өздөрүнүн карамагындагы участкаларга бак - дарактардын көчөттөрүн отургузушту. Ошондой эле көчөттөрдү кыйыштыруу иштерин жасашты.
Белгилей кетсек, бүгүн 20-апрель "Улуттук тазалык күнү" деп белгиленген.Мындай чечим КР Президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдагы "Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө" Жарлыгынын 1-пункту менен кабыл алынган. Анда апрель айынын үчүнчү ишембиси "Улуттук тазалык күнү" деп белгиленген.
Бул багытта Чаткал районундагы бардык мекеме - ишканалардын кызматкерлери ишембиликке чыгышты.
Сүрөттөр