Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Бүгүн Чаткал районунун Каныш -Кыя айылында туу күнү жана калпак күнүнүн урматына жөө жүрүш болду
02-03-2024

Бүгүн Чаткал районунун Каныш -Кыя айылында жөө жүрүш болду
3- март мамлекеттик туу күнү жана 5- март калпак күнүнүн урматына Чаткал районунун мекеме - ишканаларынын кызматкерлери жөө жүрүшкө чыгышты.
Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын алдына чогулган мырзалардын башында ак калпак, айымдарды улуттук кийимде көрүүгө болот.
Алар колдоруна бийик көтөргөн туусун сыймыктануу менен кармап, жарыш сөзгө чыккан жетекчилер жүрөгүндө эл- жерге болгон сүйүүсүн даңазалоо менен, ар дайым биримдикте, ынтымакта болууга чакырды.
Иш- чараны ачып берген Чаткал районунун акиминин орун басары Алтынай Таштанбаева жалпы район калкын улуу кош майрамы менен куттуктады.
Касиеттүү мамлекеттик туубуздун, эне тилибиздин уюткусу, көрөнгөсү болгон ак калпактуу элибиз жашап турганда кыргыз туусу, кыргыз тили эч качан жоголбосуна, дүйнөлүк башка тилдер, башка элдер менен теңтайлаша өнүгүп, келечек урпактарга канат-бутак болоруна ишенерин билдирди.
Ошондой эле эне тилибизди, Мамлекеттик символдорубузду ыйык тутуп, даңазалап, көккө көкөлөтүп, аздектеп жүрөлү дейт өз сөзүндө.
Мамлекетибиз ар дайым тынчтыкта болсун, анын бир бурчунда жайгашкан Чаткал өрөөнүбүз аман болсун! Өрөөнүбүздө ар тараптуу өнүгүүлөр болуп, Кыргыз туусун желбиреткен мыкты ак калпактуу эр азаматтар жергебизден чыга берсин!
Майрамыңыздар менен!
Сүрөттөр