Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Бүгүн, Чаткалда 9- май Улуу Жеңиштин 79 жылдыгына карата эскерүү иш - чарасы өттү
09-05-2024

Бүгүн Чаткалда 9- май Жеңиштин 79 жылдыгына карата эскерүү иш чарасы өттү
Чаткал районунун Каныш -Кыя айылында өткөн эскерүү иш чарасына райондогу аталар- апалар, ишкана - мекемелердин кызматкерлери катышты.
Бул катышуучулардын арасында согуш ардагерлердин уул- кыздары,неберелери да бар. Алар аталарынын оозунан уккан согуш апааттарын айтып берип, ушундай жаркын күндү тартуу кылган ардагерлерди эскерип өтүштү, гүл чамбарларды коюшту.
Согуш талааларында Кыргызстандан 360миңден ашуун жоокер согушкан. Алардын 100миңдейи мекенге кайтпай калган. 22 жоокер "Данк" орденинин толук ээси болсо, 73 жоокер "Советтер Союзунун Баатыры" наамына ээ болгон. Алар фашисттик душмандарды жеңип, жеңиш менен өз мекенине кайтып келишкен жана согушта көрсөткөн каармандыгы, баатырдыгы, эрдиги үчүн орден медалдар менен сыйланган.
Чаткал районунан 1032 жоокер согуш майданына аттанып, алардын арасынан 300 дөн ашуун жоокер туулуп өскөн жерине жеңиш менен кайтып келишкен, 552 жоокер согуш майданында курман болгон жана 187 жоокер дайынсыз болгон.
Биздин жаркын келечек үчүн өз жанын аябай душмандын мизин кайтарып келген аталарга, апаларга таазим этип ардактап жүрүү, азыркы жана келечек муундун ыйык милдети.
Майрамыңыздар менен!
Сүрөттөр