Чаткал районунда кезектеги "Ыр - кесе" оюн - зоок кечеси Чаткал райондук ЖДПБ жана Сумсар ЖДПБ тарабынан өткөрүлдү.

15-04-2024

 Бүгүн Чаткалда кезектеги "Ыр - кесе" оюн- зоок кечеси болду

Чаткал районунда кезектеги "Ыр - кесе" оюн - зоок кечеси Чаткал райондук ЖДПБ жана Сумсар ЖДПБ тарабынан өткөрүлдү.

 Кызматкерлер арасынан суурулуп чыккан таланттуулардан ыр -бийлер байма - бай жаңырды. Чыгармачылыкка жакын болгон жергиликтүүлөр ар бир шыктууну  колдоп, кол чабуулар менен коштоп отурушту.

 Улуттук колоритти даңазалаган кийимдер менен кыргыздын нукура даамдары көрүүчүлөргө жана калыстар тобунун сынына коюлду. Ыр- кесе жогорку деңгээлде даярдалып, талыкпаган эмгекти талап кылган.Идея, фантазияны, нарк-насилди камтыган Ыр-кесе кезегин Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнө сунушту.

Ыр - кесени ачып берген Чаткал районунун акиминин орун басары Алтынай Таштанбаева - бул иш чараны өткөрүү менен калк арасында унутулуп бараткан салтыбызды, наркыбызды көтөрүү. Өсүп келе жаткан жаштарыбызга улуттук баалуулуктар боюнча тереңдеп түшүндүрүү деп белгилейт.

 Иш - чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январыда чыккан ПЖ № 1 Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү жарлыгынын негизинде уюштурулду.

 Айтсак, Ыр - кесе Чаткал РМА тарабынан демилгеленип, буга чейин Чаткал райондук маданият бөлүмү тарабынан уюштурулган. Бул иш - чарага Чаткал районундагы бардык мекеме ишканалар кезеги менен  катышмакчы.