Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Беш -Арал мамлекеттик коругунун кызматкерлерине эко туризм боюнча семинар болду
06-04-2024

Беш - Арал коругунун кызматкерлерине эко туризм боюнча семинар болду
Чаткал районундагы " Беш - Арал" мамлекеттик коругунун директордун орун басары Мирланбек Асанов кызматкерлерге эко туризм боюнча семинар өттү. Мында 2024- жылдагы аткарылчу иш - чаралардын алкагында санариптик жаңылануулар, коопсуздук чаралары, экологиянын бузулушуна жол бербөө туурасында сөз болду.
Коруктун кызматкерлери айыл тургундарына айлана - чөйрөнү коргоо, бак- дарактарды бүлүндүрбөө, жан - жаныбарларга аяр мамиле жасоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Андан соң корукчулар кар астында басылып калган дарактардын көчөттөрүн калыбына келтирип, айлана - чөйрөнү таштандылардан тазалап, канаттууларга уя илишти. Мындай иш - чара корукчулар үчүн кар жааганга чейин уланат. Айтымында канаттуулар да көнүп калышкан. Уя илингенден кийин, канаттуулар ыңгайына карап байыр ала башташат.
Корукта ар бир мезгилге жана табияттын, жаныбарлардын жашоосуна ылайык иш пландар бекитилген. Жай айларында туз төгүп, изилдөө иштерин жүргүзүшөт. Келген ички жана сырткы туристтерди коштоп жүргөн учурлар болот.
Айта кетсек, Беш - Арал мамлекеттик коругунда 35 кызматкер эмгектенет.
Өткөн жылы корукка 154 ички турист келген.
Сүрөттөр