Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
"Беш- Арал" мамлекеттик жаратылыш коругу коррупцияны жана өрт коопсуздугун алдын алат
03-07-2024

"Беш - Арал" мамлекеттик жаратылыш коругу коррупцияны жана өрт коопсуздугун алдын алат
Жайдын ыссык аптабында эс алуучулар кооз жайларга барууну самашат. Чаткал районундагы "Беш - Арал" мамлекеттик жаратылыш коругу туризимди өнүктүрүүдө, жай айларында өрт коопсуздугун сактоо боюнча жана коррупцияны алдын алуу боюнча семинар окутуу өткөрүштү.
Буга чейин Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрликтин Коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Бакыт Какешов келип коррупция боюнча түшүндүрмө берип кеткен.
Беш - Арал" мамлекеттик жаратылыш коругунун жетекчиси Райкан Аманкуловдун айтымында мындай семинар - окутуулар кызматкерлер арасында байма - бай өткөрүлүп турат. Анткени корукчулар жаратылыштын баалуулугун, аны сактоо чаралары боюнча жергиликтүүлөр менен иш алып барышат. Ошону менен катар коррупцияга жол бербөөнү да эске алуусу керек дейт - ал.
Сүрөттөр