Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
БИЛИМ КҮНҮ ЧОҢ САЛТАНАТ МЕНЕН БЕЛГИЛЕНДИ
01-09-2025

Бүгүн, 2025-жылдын 1-сентябрында, Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында салттуу түрдө белгиленүүчү Билим күнү Чаткал районунда да жогорку деңгээлде, майрамдык салтанат менен белгиленди.
Бул күн окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер үчүн жаңы окуу жылынын башталышын жана билимге умтулуунун маанилүүлүгүн айкалыштырган күн болду.
Район борборундагы Сатыбалды Байдөөлөтов атындагы инновациялык жалпы орто мектебинде да билим күнүнө арналган салтанаттуу жыйын болду.
Анда, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин орун басары Анара Орозказиева, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Муктарбек Надырбеков, Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Шекер Жумабековалар куттуктоо сөздөрүн айтышып, мугалимдердин түйшүктүү, ары жооптуу иштерине ийгиликтерди, ал эми, окуучулардын окууларына жетишкендиктерди каалашты.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматы боюнча, учурда Чаткал районунда жалпы 18 жалпы билим берүүчү мектеп иштейт. Бул мектептерде билим берүү процесси заманбап стандарттарга ылайык уюштурулуп, өсүп келе жаткан муунга сапаттуу билим берүү үчүн бардык шарттар түзүлүүдө.
Бул маанилүү күндүн урматына райондун бардык мектептеринде салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлүп, район боюнча жалпы 612 жеткинчек өзгөчө кубаныч жана толкундануу менен алгач мектеп босогосун атташты.
Жаңы окуу жылында бардык окуучуларга ийгиликтерди жана жаңы билимдерди багындырууда албан жетишкендиктерди каалайбыз.
Сүрөттөр