Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасына Чаткал району боюнча 22 долбоор сунушталып, комиссиянын кароосунан өткөрүлдү
02-04-2024

Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасына Чаткал району боюнча 22 долбоор сунушталып, комиссиянын кароосунан өткөрүлдү
2024-жылдын 1-апрелинде Бириккен Улуттар Уюмунун дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАТП) алкагында Терек-Сай, Каныш-Кыя айыл аймактарынан ар түрдүү багытта бир нече долбоор жазылган.️ Анын ичинде Каныш-Кыя айыл аймагынан 9 долбоор, Терек-Сай айыл аймагынан 13 долбоор БУУ ДАТПнын райондук комиссиясына сунушталган.
Алар Чаткал өрөөнүн аралап өткөн дарыянын калктуу конуштарга коркунучсуз кылып, суунун нугун буруу, суу каналдарын, көпүрөлөрдү оңдоо сыяктуу калктын муктаждыктарына арналган.
Алардын арасынан 3 долбоор Чаткал райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жанан миграция башкармалыгынын, "Калкты жумуш менен камсыз кылууга көмөктөшүү" бөлүмү менен биргеликте жумушсуз жарандарды окутуу максатында жазылган.
Каныш-Кыя айылында ашпозчу жана тигүүчүлөр үчүн, Терек-Сай айыл аймагында тигүүчүлөр үчүн 2 мөөнөттүү кыска окутуу болот.
Жогоруда аталган долбоорлордун каражаты айыл аймактардын эсебинен болсо, ал эми жумушчу топтун тамак - ашы БУУнун ДАТ программасы тарабынан каржыланат.
Быйылкы жылы БУУ тарабынан Чаткал районуна 86 тонна ун, май бөлүнгөн.
Сүрөттөр