Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында иш алып баруу үчүн Чаткал районунда комиссия курамы бекитилди
02-02-2024

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында иш алып баруу үчүн Чаткал районунда комиссия курамы бекитилди
Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы, райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын "эмгек үчүн азык-түлүк" жана "окуу үчүн азык-түлүк" долбоорун ишке ашыруу үчүн атайын комиссия түзүп, курам бекитишти.
"эмгек үчүн азык-түлүк" программасынын негизинде райондогу айыл аймактардын социалдык кызматкери жергиликтүүлөрдүн муктаждыгына жараша анализ жүргүзүп, долбоорду райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына сунушташат.
Келген долбоорлорду комиссия иргеп чыгып, протоколдун негизинде бекитилип, каржылай баштайт.
️Ал эми "окуу үчүн азык-түлүк" программасында райондогу кесиптик лицейде 3 ай окуп, сертификат алган окуучуга бир жылда бир жолу 3 мүшөк ун жана 15 л май берилет. Окуучуларды тандоо 3 топ менен аныкталат. Социалдык кызматкерлер жакыр, өтө жакыр, орто жакыр топторун талдап комиссияга сунуштайт.
Өткөн жылы Чаткал району боюнча 9 долбоор жактырылып, 228 жаран каржыланган.
Сүрөттөр