Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Быйылкы жылга мерчемделген Чаткал токой чарбасына 10 га экме токой отургузуу планы ашыгы менен аткарылды
18-07-2024
Быйылкы жылга мерчемделген Чаткал токой чарбасына 10 га экме токой отургузуу планы ашыгы менен аткарылды
Чаткал районунун Чаткал токой чарбасынын Кара-Корум участкасынын №17 кварталына 1,12 га жер аянтка 2489 даана терек, 4,54 га аянтка 3787 даана кайын көчөттөрү отургузулду.
Терек-Сай токой бөлүмүндө 5,99 га аянтка 2497 даана Ель-Тянь-Шань карагайы жалпы 11,65 га аянтка 8773 даана көчөттөр отургузулду.
2024-жылдын 20-апрелинде Улуттук “Жашыл Мурас” компаниясынын алкагында Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Чаткал токой чарбасынын караштуу Терек-Сай токойчулугунун Сарай-Сай участкасынын 4 кварталынын 22 бөлүмчөсүндөгү 2023-жылы 4 га жер аянтка эгилген экме токойлорун толуктоо жумуштары жүргүзүлүп, 400 даана алма жана 180 даана терек көчөттөрүн отургузуу акциясы өткөрүлдү.
Акцияга Өзгөчө баалуу токойлор боюнча аймактык башкармалыктын жетекчиси жана кызматкерлери менен ӨКМнин райондогу кызматкерлери Ала- Бука токой чарбасынын жааматы катышты.
Токой чарбанын Чаткал токой бөлүмүнүн Кош-Тектир участкасында жайгашкан көчөтканага 30 000 даана терек, 10 000 даана сосна, 3 000 даана Ель-тянь Шань карагайы, 500 даана жашыл карагай жалпы баары 43500 көчөттөрү тигилди.
Ал эми Терек-Сай токой бөлүмүнүн Сарай Сай участкасындагы
көчөтканага 7 500 даана арча, 1 000 можевелник, 500 даана жашыл карагай, 500 даана ель тянь-шань карагайы, 4000 даана сосна жалпысы 13500 даана көчөттөр отургузулду.
2023-жылы Чаткал токой чарбасында отургузулган көчөттөрдү толуктоо иштери жүргүзүлүп жалпысы 21,48 га жер аянтка 5 087 даана көчөт отургузулду.
2024-жылга карата 409 баш бодо мал, 7 291 баш майда жандыкка 3 114 га жер аянты жайытка ижарага берилип 235 150 төлөндү.
Быйылкы жылы жайыт пайдалануучулар жайыт жерлерин алып, иштетишүүдө.
Жайыт жерлерин ижарага берүү боюнча да 2024-жылга пландан толук чыгабыз.
Чаткал токой чарбасынын директору Мирбек Бекмурзаев ар бир жасалган жумуштарын архив кылып өзүнө сактап турат. Анткени ар бир жасалган жумуштан результат болуусу керек дейт ал.
Жергиликтүүлөрдүн баамында мурда көчөттөрдүн 3-4 түрү отургузулса,акыркы 2 жылда токой бөлүмүндө көчөттөрдүн бир нече түрү көбөйгөн.
ЧАТКАЛ РАЙОНУ - ЖАШЫЛ ААЛАМ ҮЧҮН!!!