БЫЙЫЛКЫ ЖЫЛЫ ЧАТКАЛДА ОРУП- ЖЫЙНОО ЖУМУШТАРЫ ЭРТЕ БАШТАЛДЫ

14-08-2024

БЫЙЫЛКЫ ЖЫЛЫ ЧАТКАЛДА ОРУП ЖЫЙНОО ЖУМУШТАРЫ ЭРТЕ БАШТАЛДЫ.

 Чаткал районунда кылкандуу дан эгиндерди оруп жыйноо иштери жылдагыга караганда эрте башталды. Адистердин айтымында климаттын өзгөрүшү, жаз айлары жаанчыл келип, жай айларында күндүн ыссык болушу таасирин тийгизген.

 Жалпы район боюнча быйылкы жылы буудай 707га, арпа 140га эгилген. Былтыркы жылга салыштырмалуу кылкандуу дан эгиндеринин түшүмү жакшы экендигин дыйкандар кубануу менен айтышат. 

 Албетте мындай түшүмдүүлүк жыл сайын эле боло бербейт. Бирок мол түшүм жыйноо баарынын изги тилеги. 

Кампаларыбыз данга толсун, дасторконубуз нанга толсун

Сүрөттөр