Чаткал өрөөнүнүн агын суулары жана түтүктөр менен жеткирилген чорго суулары талапка жооп берет

26-02-2024

      Чаткал өрөөнүнүн агын суулары жана түтүктөр менен жеткирилген чорго суулары талапка жооп берет

       Өткөн жума соңунда Ала Бука район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Чаткал райондук бөлүмү Ак- Таш, Курулуш ,Жаны- Базар, Айгыр -Жал , Каныш -Кыя, Коргон -Сай ,Башкы -Терек , Чакмак Суу айылдарынын жана Кичи Чарат фирмасынын сууларынан алып, Бишкек шаарындагы жана ЖалалАбад шаарындагы санитардык эпидемиологиялык лабороторияга жөнөтүшкөн. 

       Мында санитардык бактериологиялык, санитардык гигиеналык жана паразиталогиялык жактан дыкат текшерилип, жообу эч кандай зыян заттар жок жана эң жогорку даражадагы суу экендиги аныкталган.

       Мындай текшерүүлөр ар ай сайын жүргүзүлүп турат. Андан тышкары кен казуучу фирмалардын терс таасири тийип калбашы үчүн токсикологиялык жана радиологиялык жактан да изилдөөлөргө жылына 2 жолу жогорудагы лабороторияларга жөнөтүлөт.

      Алардын максаты жергиликтүү калктын ден соолугуна зыян келүүчү заттарды аныктап жана алдын -алуу болуп эсептелет.

       Айта кетсек ар бир текшерүү Чаткал райондук мамлекеттик администрациянын тийиштүү жетекчилеринин көзөмөлүндө жүргүзүлөт.

Сүрөттөр