Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Чаткал өрөөнүндө жазгы талаа жумуштары башталды
14-04-2024

Чаткал өрөөнүндө жазгы талаа жумуштары башталды
Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Б.Беккулиев, Каныш-Кыя жайыт комитетинин төрагасы У.Орозбаев, Каныш-кыя айыл аймагынын башчысынын орун басары К.Курманалиев 2024- жылдын жазгы талаа жумуштарына даярдыктарды көрүү боюнча Каныш-Кыя айыл аймагынын МТС теги техникалардын даярдыгы боюнча текшерип чыгышты. Быйылкы айдап- себүү жумуштарына техникалар оңдоп- түзөөдөң өтүп, оң абалда.
Текшерүүдө Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысынын орун басары К.Курманалиев жазгы талаа иштерине даярбыз деп билдирди. Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаев талаа жумуштары талапка жараша өз нугунда өтүүсү керек, райондук иш-чарадан тартып, жергиликтүулөрдүн эгин себүүсүн да кароо керек. Райондо бир дагы үй- бүлөнүн эгини кечиктирилбей себилүүсүн тапшырма кылды.
Сүрөттөр