Чаткал өрөөнүндө "Жооптуу бол" акциясы башталды

03-02-2024

        Чаткал өрөөнүндө "Жооптуу бол" акциясы башталды

        Үстүбүздөгү жылдын 1-февралынан тартып Чаткал райондук жалпы дарыгерлик практикалык борбору район ичиндеги баардык айылдарында 18 жаштан жогорку курактагы эркектер арасында "Жооптуу бол!"акциясын башталды.

     Бул акциянын максаты жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу болуп эсептелет. Анткени өзүндө кандай оору бар экенин билбеген, ооруканага баш бакпаган мырзалар кездешпей койбойт. Алар дени сак көрүнгөнү менен билинбеген ооруга чалдыгышы мүмкүн.

     Алсак, мырзалар арасында кант диабети, кан басымы жогору, жүрөк оорусу сыяктуу жугуштуу эмес ооруларды ️аныктоо айылдагы фельдшердик пункттарда жүргүзүлүп, бекер кеңештер берилет .

        Акция 29-февралга чейин уланат. Эгерде сиздер - дени сак жашоо образын түзгүңүздөр келсе, акцияга катышууга чакырабыз!

      Айта кетсек, мындай акция өткөн жылы аялдар арасында өткөрүлүп, өз жемишин берген.

      Дени сак жашоо -дени сак район! Чаткал райондук жалпы дарыгерлик практикалык борбору - район калкынын ден соолугу үчүн кызмат кылат.

Сүрөттөр