Чаткал райондук №27 - жол тейлөө ишканасы ыкчам иш алып барууда

08-07-2024

ЧАТКАЛ ЖОЛЧУЛАРЫ ЫКЧАМ ИШ АЛЫП БАРУУДА

 Кече күнү катуу жааган нөшөрдөн улам Чаткал районунун Ала-Бука-Жаны-Базар-Кировка унаа жолунун 200-215чакырымында суу көбөйүп жолдун жээктерин жеп кеткен.

 Чаткал райондук № 27 - жол тейлөө ишкакасы 2 күндөн бери тыным албай иш алып барууда. Учурда калыбына келтирүү жумуштары аткарылып жатат.

 3 даана кесиптик унаалар менен 8 кызматкер көпүрөнү калыбына келтиришип, жол жээктерин бекемдөөдө.

 Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаев өзү көзөмөлүнө алууда. Ал - жаратылыш кубулушун башкара албайбыз, бирок ага даяр турушубуз керек. Табигат кырсыгынан жапа чегүүлөр катталбашы керек. Андыктан тийиштүү кызматтар ар дайым дайын болуусу абзел -дейт өз сөзүндө 

ЖОЛЧУЛАР ЭСКЕРТЕТ

Оор жүк ташуучу унааларга жол жээктеп же болбосо суу менен (кечит аркылуу) өтүүгө болбойт. Анткени көпүрөлөр жеңил унааларга гана туруштук бере алат. Эгерде оор жүк ташуучу унаалар каттам жүргүзсө, суунун нугу дагы өзгөрүп, жолдун каттамын узак убакытка жабышы мүмкүн. 

 Андыктан оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргени дурус.

Анткени бул жол катамы Чаткал району менен Талас облусун бириктирет. Райондун жогорку айылдары турмуш тиричилигин ушул жол менен чечет.  

 

Сүрөттөр