Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Чаткал райондук №27 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Муратбек Жоошевдин айтуусунда Ала- Бука- Жаңы- Базар - Кировка жолунун 180-215 чакырымында жол тазалоо жумуштары жүрүп жатат
23-04-2024

🔵 Ала - Бука - Жаңы - Базар - Кировка жолу ачылат
Чаткал райондук №27 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Мурат Жоошевдин айтуусунда Ала - Бука - Жаңы - Базар - Кировка жолунун 180-215 чакырымында жол тазалоо жумуштары жүрүп жатат.
Учурда 200- чакырым тазаланып жатат. Бирок гидрометрология станциясынын корутундусуна ылайык бул аралыкта көчкү түшүү коркунучу бар.
Кара - Бура ашуусунун жолуна кыш айларынан бери 50 000 ³/ м ашуун көчкү түшкөн. Учурда тазалана элек 7 чакырым гана жол бар.
Жолчулардын айтуусунда күн ыссып же болбосо жамгыр жаабаса, жол каттамы тез эле ачылат. Ал эми жогоруда айткандай аба - ырайы өзгөрүп калса, көчкү түшүү коркунучу болот дешет.
Кантсе да өз жумушун так билген жолчулар ишин токтото элек.
Сүрөттөр