Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Чаткал райондук китепкана кызматкерлери Ооган ардагери Нурбек Нышановдон кабар алышты
15-02-2024

Чаткал райондук китепканасынын кызматкерлери 15-февраль-Советтик жоокерлердин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 35 жылдыгына карата ооган согушунун ардагери Нурбек Нышановдон кабар алышты.
Атайы майрамдык белек-бечкектерди алып даярданышкан китепканачылар ооган ардагери менен ак дасторкондун четинде жолугушуп, аны менен мекенчилдик жана атуулдук жаатында маектешишти.
Эскерте кетсек, райондук китепканачылар тарабынан салтка айланган жолугушуу райондук китепкананын иш планына ылайык "Ооган согушу-кетпес так" аттуу теманын алкагында өткөрүлдү
Сүрөттөр