Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Чаткал райондук мамлекеттик администрациянын башчысы - аким А.Ж.Сеңирбаевдин № 78-б буйругу менен Ашырбаев Болотбек Сапарбекович Чаткал районунун Каныш -Кыя айыл аймагынын башчысы болуп дайындалды
12-03-2024

Чаткал райондук мамлекеттик администрациянын башчысы - аким А.Ж.Сеңирбаевдин № 78-б буйругу менен Ашырбаев Болотбек Сапарбекович Чаткал районунун Каныш -Кыя айыл аймагынын башчысы болуп дайындалды
Ашырбаев Болотбек Сапарбекович
18 - апрель 1988 - жылы Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылында төрөлгөн. Айылдагы орто мектепти аяктап, 2006- 2011-жж.
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин «Экономика» факультетинде «Экономикалык теория »
квалификациясынын Экономист адистигин алып чыгат.
Болот Ашырбаев
- 06.01.2009-14.03.2012-жж Эркин Тоо" дыйкан чарбасы -жетекчи;
- 16.03.2012-23.10.2017-жж Терек-Сай Рудниги Экономика бөлүмү экономист;
- 24.10.2017-ж Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы; Класстык чендер жана наамдар:
- 12.02.2021-жыл №29 - буйрук менен Муниципалдык кызматтын 3-класстагы Муниципалдык кенешчиси болгон.
Ашырбаев Болотбек Сапарбекович
7 жыл Терек - Сай айыл өкмөтүн башкарып, өзүнүн ишине тактыгы, сабырдуулугу, аракетчилдиги, тырышчактыгы жана иш билгилиги менен өзүн көрсөтө алды.
Арыштуу баштаган жумушуна ийгилик каалайбыз!
Сүрөттөр