Чаткал райондук мамлекеттик администрациянын кичи жыйындар залында райондук мамлекеттик администрациянын алдындагы үй - бүлөлүк зордук зомбулукту алдын алуу жана коргоо комиссиясынын отуруму болду

30-03-2024

Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы үй- бүлөлүк зордук зомбулукту алдын алуу жана коргоо комиссиясынын отуруму болду

Отурумда эки маселе каралды :

 -Үй-булолук зордук зомбулукту алдын алуу жана коргоо боюнча 

- Пробация кызматынын 2024- жылдын 1- кварталындагы аткарылган ишинин абалы.

Жыйынга катышкан мекеме - уюмдардын жетекчилери учурдагы адамдардын аң - сезими, уюлдук телефон, интернеттин таасир этүүсүн талкууга алышты. 

 Ааламдашуу мезгилинде кээ бир жарандардын ыплас азгырыктарга барышы, интернет желесинде түрдүү окуялардын жүз берип жаткандыгы айтылды.

 Жыйындын соңунда жогорудагы көйгөйлөргө жол бербөө үчүн, үй- бүлөлүк зордук- зомбулукту алдын алуу үчүн тиешелүү мекеме- уюмдарга, айыл аймак башчыларына, билим берүү бөлүмүнө, ички иштер бөлүмүнө, райондук эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына, аксакалдар жана аялдар кенештерине түшүндүрүү иштерин күчөтүү милдеттендирилди.

Сүрөттөр