Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Жалал-Абад областык бөлүмү менен биргеликте райондогу ишкерлерге семинар уюштурду

19-04-2024

Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Жалал-Абад областык бөлүмү менен биргеликте райондогу ишкерлерге семинар уюштурду.

 Семинар ишкерлердин байланышын чет мамлекеттер менен түзүүгө үйрөтүү, экономикалык өнүгүүгө жана башка өлкөлөргө чыгып, өндүргөн товарларына соода- сатык байланыштарын жакшыртуу максатын көздөйт.

Иш - чарага Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Жалал-Абад областык бөлүмүнүн тышкы соода боюнча адиси Мирбек Исмаилов, Аксы-Ала-Бука-Чаткал региондору боюнча координатор-эксперт Чыныбек Калматов, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Алтынай Таштанбаева, экономика жана инвестиция боюнча башкы адиси Эльвира Уманалиева, Чаткал районундагы мекеме-ишканаларынын жетекчилери жана жеке ишкерлер катышышты.

 Чаткал районунда колдон жасалган жүн буюмдары сырткы туристтерди таңдантып келген болсо, кымыздын түрү, сүттөн жасалган азыктар жана табигый жол менен өлтүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнө да кардарлар жок эмес.

Мында ишкердикти жандантып, бирок соода - сатык жагы түйшөлткөн ишкерлер жооп алышты. 

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” № 3 Жарлыгынын жана “Кыргыз Республикасынын ишкерлеринин статусун жана беделин жогорулатуу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-июлундагы ПЖ №212 Жарлыгын негизинде уюштурулду. 

 

Сүрөттөр