Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
🔰Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Ж.Сеңирбаев жаңы жылдык куттуктоосу.
31-12-2023

🔰Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Ж.Сеңирбаев жаңы жылдык куттуктоосу.
✅ Урматтуу замандаштар!
Сиздерди Жаңы 2024-жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм.
▪️Жаңы жыл – эң сүйүктүү жана жаркын майрамдардын бири. Бул майрам баарыбызды жалпы үмүттөр, тилектер жана келечекке умтулууларыбыз менен бириктирип келген майрам. Эски жылды узатып жатып, ар бирибиз жыл ичинде жасаган эмгегибизди, жашоо-турмушубузду көз алдыбыздан өткөрүп, өзүбүзгө баа берген, ийгиликтерге кубанып, жаңы жылга максат, тилектерди койгон учур.
✅ Биз узатып жаткан 2023-жыл районубуз үчүн жемиштүү, аракетке бай, жигердүү иштердин жылы болду. Сапары карып бара жаткан жылдагы ийгиликтерибиз бул - өлкөбүздүн тынчтыгы, көп улуттуу элибиздин биримдиги жана ынтымагы.
Жаңы жылда алдыга койгон ой-максаттардын ишке ашырылышына, жаңы жылдын ар бир күнү жакшылыктар менен коштолушуна чын ниетимден тилектешмин.
▪️Келе жаткан Жаңы жыл Кыргызстаныбызда, анын ичинде Чаткал районубузда тынчтыктын, ынтымактын, биримдиктин, токчулуктун, молчулуктун, жаратмандыктын, жылы болсун!
Жакшылыктар дайыма коштоп, зоболоңуздар кыргыздын Ала-Тоосундай дайыма бийик болуп, жашооңуздарды жакшылыктар коштосун! Келе жаткан Жаңы жыл кубанычка, тынчтыкка, бакубатчылыкка толгон жыл болуп, элибизде тынчтык, биримдик, ѳлкѳбүздө өнүгүү болсун!
✅ Сиздерге жана үй-бүлѳңүздөргѳ бекем ден-соолук каалап, жаңы жылда жеке мүдѳѳңүздөрдүн ишке ашышына тилектешмин!