Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы акими А.Ж.Сеңирбаевдин бүгүнкү 5 - март Ак калпак күнүнө карата куттуктоосу
05-03-2024

️ Бүгүн Ак калпак күнү. Баш кийимибиздин формасы чокуларын ак каар, көк муз баскан тоолорубуздун бийиктигин, элибиздин жан дүйнөсүнүн тазалыгын билдирет. Эзелтеден ата - бабаларыбыз Ак калпакты, улуттук баш кийимибизди ар дайым сыймыктануу менен кийишкен.
2016- жылдын 29- июнунда Жогорку Кеңештин №825-VI токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салтты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынып официалдуу статусун алган.
Кыргыздын Ак калпагынын уникалдуулугу – анын азыркы күндө дагы калың элдин арасында колдонулуп, тарыхый салттарды улап келе жатканында. Бүгүнкү күндө эгемендүү мамлекет катары таанылып, заман талабына ылайыкташкан кезде дагы жалпы кыргызстандыктар элибиздин салттуу кийимдерин урматтап, муундан муунга аяр өткөрүп келе жатканы мунун далили.
Ак кар баскан Ала-Тообуздун элесин кѳз алдыбызга тарттырган улуттук баш кийимибиз кыргыз жигиттери үчүн айбаттуулукту, сүрдүүлүктү, айкѳлдүктү кѳргѳзүп, башына кийип жүргѳн ак калпагы менен алар ар дайым бийик экендигин даңазалап келет.
Албетте ак калпак кийген кыргыз жигиттерин кѳргѳндѳ кѳкүрѳктѳ мекенчил сезим күчѳп, башында ак калпагы бар улуу Кыргыз болуп жаралганыбызга сыймыктанбай кое албайбыз. Касиети бар баш кийимибиз аркылуу ата-бабаларыбыз аны кийип жүргѳн адамдын жаш курагын, коомдогу ордун, деңгээлин айтып беришкен.
Ушундай терең сырды ѳзүнѳ камтыган ак калпагыбыз жайкысын салкын, кышкысын жылуу, кийгенге жеңил болуп, аны менен катар Кыргыздын тоого жакын, ниети ак, мүнѳзү курч жана бийикте турган эл экендигинен кабар берет. Ошондон улам кыргыз элинде «Асмандан жарык кѳрсѳң жылдыз деп бил, ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил» деген ураан бекеринен чыкпаса керек.
Демек, салттуу кийимдерибизди, тарыхый жана маданий баалуулуктарыбызды дүйнөгө таанытууга ар бир эр азаматтар салым кошо берсин.
Баарыңыздарды бүгүнкү майрамыңыздар менен куттуктап, терең урматтоо менен!
Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, акими
А. Ж. СЕҢИРБАЕВ
МАЙРАМЫҢЫЗДАР МЕНЕН!!!
Сүрөттөр