Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Чаткал райондук прокуратурасынын кызматкерлери "Тянь-Шань " арча көчөттөрүн отургузушту
26-04-2024

Чаткал райондук прокуратурасынын кызматкерлери " Тянь-Шань" арча көчөттөрүн отургузушту
Бүгүн, Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын 100-жылдык мааракесине карата Каныш-Кыя айылында жайгашкан “Улуу Ата-мекендик согушунун эстелигинин” аллеясына Чаткал райондук прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан10 даана “Тянь-Шань арча” көчөттөрү отургузулду.
Буга чейин ишкана тарабынан " Жашыл Мурас" өнөктүгүнүн алкагында имараттын алды, арыктар акыр- чикирден тазаланып, көрктөндүрүү жумуштарына ар жуманын ишемби күндөрү активдүү катышып келишет.
Сүрөттөр