Чаткал райондук салык кызматына жаңы жетекчи келди

27-02-2025

Сейталиев Мекен Мелисбаевич КР. Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу К. А. Ысабековдун буйругу менен 

КР. Салык кызматынын Чаткал району боюнча башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.

 

Жаңы жетекчини райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Бактыбек Турдалиев эмгек жамаатка тааныштырды.

 

Жаңы жетекчинин кыскача эмгек жолу:

 

Сейталиев Мекен Мелисбаевич

 

 Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Курулуш айылында төрөлгөн. 

 

Жогорку билимдүү. Ош мамлекеттик университетинин Ишкердик жана башкаруу факультетинин "Бухгалтердик эсеп жана аудит" адистиги бөлүмүн аяктаган.

 

Кесиптик ишмердүүлүгү:

 

01.12.1997 – Чаткал райондук Мамлекеттик салык инспекциясынын инспектору болуп дайындалган.

 

01.02.1999 – структуралык өзгөрүүгө байланыштуу ички көзөмөл жана жыйымдарды жана төлөмдөрдү текшерүү секторунун инспектору болуп дайындалган.

 

29.02.2000 – салык жыйымдарын жана төлөмдөрүн контролдоо бөлүмүнө которулган.

 

22.11.2002 – финансылык маселелер боюнча башкы адис болуп дайындалган.

 

22.08.2005 – финансылык маселелер боюнча башкы адис кызматын аркалаган.

 

26.09.2006 – финансы боюнча башкы адис болуп дайындалган.

 

Структуранын реорганизацияланышына байланыштуу, Чаткал райондук Мамлекеттик салык кызматынын "Салыкты өндүрүп алуу жана салык төлөөчүлөрдү текшерүү" бөлүмүнүн начальниги болуп дайындалган.

 

17.08.2012 – "Салыкты өндүрүп алуу жана салык төлөөчүлөрдү текшерүү" бөлүмүнүн начальниги болуп дайындалып, бүгүнкү күнгө чейин иштеп келген.

Сүрөттөр