Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Чаткал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан Чаткал СЧБнын Жарандык коргонуу жаатында иш кагаздары текшерилди
14-03-2024

Жаз келип Жарандык коргонуу жаатында иш -кагаздар текшерилүүдө
Чаткал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 2024-жылга Жарандык коргонуу иш- мерчеминин негизинде Чаткал районун Суу чарба башкармалыгынын Жарандык коргонуу жаатында абалын балоо боюнча иш кагаздары текшерүүдөн өткөрүлдү. Анткени жаз алдынан өзгөчө кырдаалдар көп катталышы мүмкүн.
Чаткал Суу чарба башкармалыгы ар бир өзгөчө кырдаалга даяр. Кызматкерлерге коопсуздукту сактоо боюнча инструктаж өткөрүлүп, кокустук болгон кезде алгачкы жардам жана жабыркаган адамдарды өзгөчө жерге алып чыгуу эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Чаткал райондук ӨКБнүн башчысы майор Алтынбек Сулаймановдун айтуусунда кээде жарандардын кайдыгер мамилесинен же түшүнбөстүгүнөн өзгөчө кырдаал учуру катталат. Андыктан мындай учурду эске алып, ар бир мекеме - ишканалардын иш - кагаздарын текшерүүдөбүз дейт.
Сүрөттөр