Чаткал райондук жалпы дарыгерлик практикалык борбору Эл аралык медайымдар күнүн белгилешти

13-05-2024

 Чаткал райондук жалпы дарыгерлик практикалык борбору Эл аралык медайымдар күнүн белгилешти

 Мээрбан айымдар ар дайым дарыгердин берген көрсөтмөсүнө жараша бейтаптын абалын карап, көп убактысын мында өткөрүшөт. Алардын тез сакайып кетүүсү үчүн ар тараптан колдогон жандар. 

 Медайымдардын жашоодогу орду, жасаган ак эмгеги туурасында иш - чарада Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Б.Беккулиев, А.Таштанбаева өз сөзүндө белгилеп, алардын түйшүктүү, жоопкерчиликтүү жумушуна ийгилик каалады.

 Иш чара ырчылар, бийчилер менен коштолуп, оюн-зоок программасы уюштурулду.

 Иш-чаранын соңунда кызматында өзүн көрсөтө алган мыкты, кесипкөй мед айымдарды куттуктап Ардак Громаталар тапшырды. 

Белгилей кетсек, Чаткал району боюнча 118 мээрбан айым болсо, алардын эң улуусу 50.55жашта, ал эми эң кичүүсү 20-23 жашты түзөт.

 Майрамды белгилөө жөрөлгөсү 1971-жылдан бери гана жүргүзүлүп келет. Мээрман айымдардын кызматы эң биринчи жолу англиялык Флоренс Найнтингейл айым тарабынан Крым согушу учурунда баса белгиленген.

Флоренс Найнтингейлдин урматына анын туулган күнү мээрман айымдардын күнү катары белгиленип калган. Кыргызстанда бул күн 1993-жылдан бери белгиленет.

 

Сүрөттөр