Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Чаткал району боюнча Пробация органын башкы адиси болуп Жыпаркалыс Такырбашова дайындалды
27-05-2024

Чаткал району боюнча Пробация органын башкы адиси Жыпаркалыс Такырбашова дайындалды
Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын Чаткал району боюнча Пробация органын башкы адиси болуп Такырбашова Жыпаркалыс Айтпаевна дайындалды.
Буга чейин пробация боюнча Мирлан Кадыров өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген.
Пробация органы өз ишин 2019-жылы сентябрь айында баштаган. Максаты түрмөдө отургандардын санын азайтуу, пробациянын кардарларын оң жолго салуу, жүрүм-турумун түзөө жана кайра коомго аралашуусу үчүн шарттарды түзүү, алардын кайрадан укук бузууларынын алдын алуу. Башкача айтканда, пробация кызматы пробация кардарлары менен иш алып баруучу орган.
Кимдер кардар боло алышат?
Жеңил кылмыш кылып, 5 жылдан ашпаган мөөнөткө шарттуу түрдө эркинен ажыратылгандар;
абакта мөөнөтүн өтөп жатып убактысынан мурун бошоп, калган мөөнөтүн эркиндикте өтөй тургандар;
ошондой эле жазаны аткаруусу кийинкиге жылдырылган жарандар кардар боло алышат.
Эгерде кокустуктан кылмыш кылып, бирок жаш балдарын өзү багып жаткан жалгыз бой аялдардын жаза мөөнөтү артка жылдырылышы ыктымал. Кардарлар коомдон обочолонбой, үйүндө, үй-бүлөсүнүн жанында жаза мөөнөтүн өткөрүшөт.
Пробация оор кылмыш кылгандарга, жашы жете элек өспүрүмдөрдү зордуктаган адамдарга колдонулбайт - дейт пробация өкүлү.
Жаңыдан жумушун баштаган Чаткал району боюнча Пробация органын башкы адиси Жыпаркалыс Такырбашовага жумушуна ийгиликтерди каалайбыз. Ак эмгеги менен райондун өнүгүүсүнө салым кошот деп ишенебиз.
Сүрөттөр