ЧАТКАЛ РАЙОНУ-КОМПЛЕКСТҮҮ ӨНҮГҮҮГӨ КАРАЙ

17-09-2025

Бүгүн, Ч.Айтматов атындагы райондук маданият үйүндө Чаткал районунун социалдык-экономикалык өнүгүү программасына байланыштуу коомдук угуу болуп өттү.

 

Иш-чарага райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин биринчи орун басары Чолпон Абдыкалыкова, райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Рустамалы Асанбаев, мекеме жана ишканалардын жетекчилери, жооптуу кызматкерлер, ошондой эле жергиликтүү тургундар катышты.

 

Жыйында Чолпон Абдыкалыкова өз сөзүндө Чаткал районунун келечектеги өнүгүүсүнө кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилеп, айрыкча, туризм тармагы регионду экономикалык жактан көтөрүүдө чоң роль ойной аларын баса белгиледи. Ал тургундарды жана ишкерлерди ушул мүмкүнчүлүктү туура пайдаланып, райондун ар тараптуу өнүгүүсүнө салым кошууга чакырды.

 

Ошондой эле Рустамалы Асанбаев социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын иш чарасынын долбоору менен тааныштырып талкууга койду. 

 

Коомдук угуунун экинчи бөлүгүндө аппарат жетекчи Рустамалы Асанбаев Чаткал районун комплекстүү өнүктүрүү боюнча акимдин биринчи орун басары Чолпон Абдыкалыкованын жекече иштеп чыккан программасы боюнча презентация жасап, социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын негизги багыттарын тааныштырды. Программада инфраструктура, экономика жана инвестиция, айыл чарба, социалдык коргоо, билим берүү жана туризм тармактарын өнүктүрүү боюнча бир катар иш-чаралар камтылганы көрсөтүлдү. О.э. бул программаны ишке ашыруу боюнча алгачкы аткарылып жаткан иштер тууралуу көрсөтүп айтып берди.