Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Чаткал району жыл жыйынтыгын чыгарды
13-02-2024

Чаткал району жыл жыйынтыгын чыгарды
Бүгүн Чаткал районун 2023-жылдагы мерчемделген иш пландардын аткарылышы боюнча жыйын болду. Жыйынга айыл аймактардын, мекеме - ишканалардын жетекчилери, райондун өнүгүшүнө салым кошкон мыкты кызматкерлер, жергиликтүүлөр катышты.
2023-жыл - район үчүн жемиштүү жылдардан болду десек болот. Райондун экономикалык- социалдык абалы жогорулап, иш орундардын көбөюшү калктын жашоо - деңгээлинин көтөрүлүшүнөн кабар берет. Андан сырткары туризм тармагын жандантуу багытында сөз болду
Коллегияда 4 маселе каралды. Коллегиянын курамын өзгөртүү, ️2024-жылдын 1- жарым жылдыгында аткарылуучу иш пандарды бекитүү, жылдык план жана социалдык - экономикалык деңгээлди көтөрүү.
2023-жылы ️жалпы тартылган капиталдык инвестициянын көлөмү 2023-жылга 2 168 402,3 миң сомду түздү. Анын ичинен ички капиталдык салым 732 311,5 миң сом, тышкы капиталдык салым 1 436 090,8 миң сом.
Райондо жалпы 32 кичи жана орто ишкана ачылып, жумуш менен камсыз болгондордун саны тоо кен тармагы менен бирге 1025 киши жаңы жумуш оруну менен камсыз болушту.
Жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жалпы район боюнча 2 569 678,0 миң сом план берилген болсо, аткарылганы 2 655 245,1 миң сомду түзүп, 103,3%.
Былтыркы жылга салыштырмалуу өсүү темпи 165,1% түзүп, 1 046 728,3 миң сомго салык көп жыйналган.
Анын ичинен жергиликтүү бюджетге 256 085,1 миң сом план берилип, аткарылганы 262 250,3 миң сомду түзөт жана 102,4%га аткарылган. Республикалык бюджеттин планы 2 313 592,9 миң сом, аткарылганы 2 392 994,8 миң сом, 103,4% ашыкча аткарылган.
Район башчысы Алтынбек Сеңирбаев жогорудагы көрсөткүч баарыбыздын эмгегибиз. Ар бириңиздердин күжүрмөн аракетиңиздер бар дейт өз сөзүндө. Ал мына ушундай өсүп -өнүгүүгө салым кошкон мыктыларды куттуктоо менен бирге дипломдор,акимдин ээнчилүү сааттары, Ардак грамоталарды тапшырды.
А.Сеңирбаев - Бул сыйлык ээлеринин патриоттук сезим менен, ар бир жумушка кылдат, тактык мамиле жасаганынын жыйындысы. Буйруса быйылкы жылы дагы бир топ максаттар сиздер менен биргеликте ишке ашат деп белгилейт.
Сүрөттөр