Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Чаткал районунда 1- июнь " Эл аралык балдарды коргоо " күнүнө карата мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде майрамдык иш чара уюштурулду
01-06-2024

Чаткал районунда 1-июнь “Эл аралык балдарды коргоо” күнүнө карата мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде майрамдык иш чара уюштурулду
Бала жылмайса- аалам жылмаят дегендей майрамды күн санап күткөн бөбөктөрдүн кубанчында чек жок. Майрамдын келип чыгуу тарыхына маани бербесе да, дал ушул бизге арналган майрам деп кабыл алган чүрпөлөр ата- энесине жагымдуу кийим же момпосуй алып берүүсүн сурангандар да болот.
Чаткал районунда ар бир мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде өзгөчө даярдык менен өткөрүлдү.
Чаткал райондук мамлекеттик администрациянын башчысы акимдин орун басары Алтынай Таштанбаева балдарды кызуу куттуктап, келечек ээлерине чын ден-соолук, бактылуу балалык каалап, келечекте кыргыздын мыкты уул-кыздары болуусуна тилектештигин билдирди.
Майрамдык маанай балдардын өнөрүнө, талантына жараша ыр-бий, Манас айтуу, сүрөт тартуу менен уланып, мыкты жаш жеткинчектер баалуу белектер менен сыйланды.
Эске салсак, балдарды коргоо күнү жыл сайын жай айынын эң биринчи күнүндө белгиленет, тагыраак айтканда 1-июнь күнү. Бул күн 1949-жылдын ноябрь айында Франция өлкөсүнүн борбору Париж шаарында Эл аралык демократиялык аялдар федерациясынын конгресинин чечими аркылуу уюшулган. Эң биринчи жолу 1950-жылы өткөрүлгөн.
МАЙРАМЫҢЫЗДАР МЕНЕН КЕЛЕЧЕК ЭЭЛЕРИ!!!
Сүрөттөр