Чаткал районунда 1500 окуучу Манас эпосунан үзүндү айтышты

27-04-2024

 Чаткал районунда 1500 окуучу Манас эпосунан үзүндү айтышты

 Улутум кыргыз, Урааным Манас! Жүрөк толкуткан бул чакырык ушул күндөрдө өлкөнүн булуң бурчунда жаңырып жатат.

Чаткал районундагы жалпы мектептерден 1500 окуучунун катышуусунда да Манастан үзүндү айтылып,кыргыз элинин улуу эпосун даңазалап, "Манастан" ураан -чакырык айтылды.

 "Урааным Манас" кароо-сынагынын максаты,жаш муундарды мекенчилдикке үндөө менен кыргыз жаранын өстүрүү жана ошондой эле жаш муундарга эстетикалык тарбия берүү болуп саналат.

 "Манас"эпосу - кыргыз элинин улуу мурасы, улуттук сыймыгы!

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин №126 Жарлыгынын негизинде "Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы"Манас" эпосунун үчилтигин ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө","Улуттук нарк жөнүндө" жарлыктарын ишке ашыруу максатында өткөрүлдү.

 Иш -чарага "Манас" театрынын директорунун орун басары Нурбек Талантбеков баштаган манасчылар, Чаткал райондук администрациясынын акиминин орун басары Алтынай Таштанбаева жана Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Айнура Нарбекова катышты. 

Алар окуучуларга Манас эпосундагы окуяларды талкууга коюп, кыргыз элинин баатырдыгын, тайманбастыгын, чечкиндүү, ынтымактуулугун белгилеп, келечек муундардын мыкты эр азамат болушун каалашты.

Сүрөттөр