Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Чаткал районунда 16 Ооган ардагери сыйланды
15-02-2024

Чаткал районунда 16 Ооган ардагери сыйланды
15-февраль - Совет жоокерлеринин Ооган жергесинен чыгарылган күнүнүн 35 жылдыгына карата, Терек-Сай айыл аймагында райондук деңгээлде майрамдык иш-чара уюштурулду.
Иш -чарага Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы -аким А.Сеңирбаев, Аялдар Кеңешинин төрайымы Гулбарчын Акылбекова , Чаткал райондук аскер комиссариатынын башчысы Кайрат Молдалиев жана Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Болотбек Ашырбаев, Ооган ардагерлери катышты.
Ардагерлерге сый тамак уюштурулуп, жетекчилик тарабынан Чаткалдын бренди түшүрүлгөн белектер ыйгарылды. 35 жыл убакыт өтсө да ардагерлер согуш талаасындагы күндөрүн эстеп, баяндап беришти.
Советтик аскерлердин Ооган жергесинен чыгарылгандардын катарында сиздер да тайманбай, душмандардын мизин кайтарууда өлүмгө тике карап кызмат өтөп келгенсиздер. Сиздердин ар бир баскан кадамыңыздар, эр жүрөктүүлүгүңүздөр жаштарга өрнөк болуп, патиоттуулукка тарбиялап келет дейт Чаткал районунун башчысы - аким Алтынбек Сеңирбаев.
Мындай жөрөлгөнү жыл сайын күткөн Ооганчылар бүгүн Чаткалдын бренди түшүрүлгөн белеги өзгөчө эстелик болоорун айтып, райондогу өсүп - өнүгүүлөргө кубанып, баталарын беришти.
Эске салсак, район боюнча16 ардагер бар. Алардын ичинен бүгүнкү иш-чарага 12 ардагер жана 2 жесири келди.
Сүрөттөр