Чаткал районунда 9айдан жогорку 7 жашка чейинки балдар кызамык, кызылча оорусуна каршы эмдөөдөн өтөт

12-03-2024

     Чаткал районунда 9айдан жогорку 7 жашка чейинки балдар кызамык, кызылча оорусуна каршы эмдөөдөн өтөт

     Кыргыз Республикасынын №1093- буйругунун негизинде, Ала Бука район аралык ОААжМСЭБ Чаткал райондук бөлүмү район аймагында 9айдан 7жашка чейин балдар арасында кызамык,кызылчага каршы эмдөө жүргүзүлөт.

      Мына ошондуктан райондогу медициналык кызматкерлер арасында семинар өткөрүлдү. Окутуунун негизинде 41 медицина кызматкерине илдет туурасында кеңири түшүнүк берилип, эмдөө учурундагы кырдаалдар, жумуш процесси түшүндүрүлүп, эмдөө жүргүзүүгө укуктуу деген күбөлүктөр тапшырылды жана жер- жерлерде убактылуу кошумча эмдөө пунктар түзүлдү.

      Эскерте кетсек, жалпы эмдөө компаниясы үстүбүздөгү жылдын 13- мартынан башталып, 2 жума жүргүзүлөт.

Чаткал району боюнча 9 айдан - 7 жашка чейинки 4 005 наристе бар

 

 

Сүрөттөр