Чаткал районунда билим берүү жаатында тажрыйба алмашуу жагы колго алынган

03-02-2024

      Чаткал районунда билим берүү жаатында тажрыйба алмашуу жагы колго алынган

Райондо билим берүү сапатын жогорулатуу максатында жыл сайын салтка айланып бараткан көчмө методикалык окуу өткөрүлөт. Ал ар кайсыл предметтерден мыкты, тажрыйбалуу мугалимдер тандалып, өзүнүн өзгөчө сабак өтүү методикасы менен бөлүшөт.

      Бул жолу Каныш -Кыя айылындагы Сатыбалды Байдөөлөтов атындагы инновациялык жалпы орто мектебинде англис тили боюнча көчмө методикалык окуу өткөрүлдү. Мында 43 жылдык тажрыйбасы менен Айсалкын Алыбаева жана 35 жыл англис тили мугалими болуп эмгектенген Гүлбайра Аматова жаш мугалимдерге сабак өтүүдөгү өзгөчөлүктөрү, окуучулардын сабакка кызыгуусун арттыруудагы көндүмдөр боюнча ой бөлүштү.

      Жогорудагы мыкты мугалимдердин " Элеттик агартуучулардын усулдук эмгектери" деген китеби жөнүндө таанышуу болуп, бул китеп жаш мугалимдер жана окуучулар үчүн зор колдонмо болот деген пикирлер айтылды.

    Китепти чыгарууда каржылык жагын Каныш -Кыя айыл өкмөтү жана жергиликтүү депутаттар колго алган.