ЧАТКАЛ РАЙОНУНДА БИЛИМ САПАТЫ 80 ПАЙЫЗДАН ЖОГОРУ

29-06-2024

ЧАТКАЛ РАЙОНУНДА БИЛИМ БЕРҮҮ САПАТЫ 80 ПАЙЫЗДАН ЖОГОРУ

 

Бул көрсөткүчтү жалпы республикалык тестирлөө тастыктады

Кечээ күнү Чаткал району боюнча жалпы орто мектепти аяктаган 9- 11 - класстан 840 окуучуга жалпы орто билими тууралуу аттестат жана негизги орто билими тууралуу күбөлүк тапшырылды. Алардын 310у 11- классты жана 530 окуучу 9- классты ийгиликтүү аяктады.

 Аны менен катар жалпы республикалык тестирлөөгө райондо 11- классты аяктаган 310 окуучунун 258и катышып, орточо балл 127ни түзсө, 70 окуучу 150 баллдан жогорку көрсөткүчкө ээ болушту.

 Мында Чаткал районунун Кызыл - Токой айылынын "Болотбек Камчыбеков" атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин окуучусу Максатбекова Нурмира 208 балл алды. 

 9- классты аяктаган 530 окуучунун 26сы артыкчылык күбөлүк алышты.

 Ар бир билим берүү мекемесинде тапшыруу аземи болуп, 11 жыл талбай билим берген мугалимдер жааматы жаңыдан турмуш жолуна аттанып, келечекке үмүттүү караган бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап, келечекте Чаткал районунун өсүп - өнүгүүсүнө салым кошкон чыгаан уул- кыздар болушуна тилектештигин айтышты.

 Балдарынын ийгилигине кубанган ата - энелер окуучулардын максаттарынын орундалышында, тарбия -насаат, билимин аябастан опол тоодой салым кошкон Чаткал райондук билим берүү жааматына терең ыраазычылык билдиришти.

АК ЖОЛ САГА БҮТҮРҮҮЧҮ!!!

Сүрөттөр